• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жолдоштук беттеш: “Ак шумкарлар” Сингапурдун курамасын жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 11.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Сингапурдун курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн БАЭнин Шарджа шаарындагы "Аль-Хамрия" стадионунда болду.

Беттештин 3-мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Айзар Акматов көтөрүлүп берилген топту башы менен сүзүп эсепти ачты. Көп өтпөй 9-мүнөттө Эрнист Батырканов тепкен топтун багытын өзгөртүп, эсепти 2:0гө өзгөрттү. Бирок оюндун 21-мүнөтүндө сингапурдук оюнчу өз курамасына жалгыз голду алып келди.

Биринчи тайм 2:1 эсебинде аяктады.

Экинчи таймдын башында кыргызстандык дарбазачы Эржан Токотаев орой ойногондугу үчүн айып кагазын алып, оюн талаасын таштап кетти. Анын ордуна Калыс Акималиев турду, бирок “Ак шумкарлар” бир оюнчуга аз беттеш өткөрдү. Оюн 2:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчулар Бахрейн курамасына каршы 16-ноябрда дагы жолдоштук беттеш өткөрөт.

Жолдоштук беттештер 2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2023-жылкы Азия кубогунун квалификациясынын финалдык туру үй-конок форматынан борборлоштурулган форматта өтөт. Азия кубогунун тандоо турунун тайпалык этабынын оюндары 2022-жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү өтөт.

Пикир

Оставить комментарий