• 87
  • 89.63
  • 0.85

Эмгек министрлиги: 2024-жылы 1 223 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

Коом 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынин билдиргендей, көчүрүлгөндөрдүн 65 миңи Кыргызстандын жарандыгын алышкан.

Кайрылман макамын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.

2024-жылы Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Россия, Түркия, Афганистан жана башка өлкөлөрдөн келген 1223 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.
Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөкпулдарды жана пенсияларды алууга, саламаттыкты сактоого, билим берүүгө, ишке орноштурууга көмөктөшүүгө укуктуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий