• 86.79
  • 90.83
  • 0.84

Эмгек министрлиги аркылуу 2024-жылы 38 миңден ашык жумушчу орун түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 38 миңден ашык жумушчу орундарын түзүү боюнча планды бекитти. Бул план министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун бардык министрликтер жана ведомстволор үчүн 250 миң жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан.

Министрлик “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун, акы төлөнүүчү коомдук иштердин жана “жеке ассистент” кызматын көрсөтүүнүн алкагында жумуш орундарын түзөт.

Ошондой эле, министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштурмакчы.

Пикир

Оставить комментарий