Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бүгүн дүйнөдөгү саясий-экономикалык дагы, руханий нравалык, адеп-ахлактык дагы кырдаал өтө кооптуу чекке жетип турат. Батыштын кош стандарттуу саясаты, жалпы эле стратегиялык өңүттөгү идеологиялык багыты улуттук деген уңгу түшүнүктү түптамырынан кырчып, дүйнө бойлой калыптанып келген улуттук нарк-насил, каада-салт, үрп-адат, улуттук менталитет деген улуу аң-сезимди жоюу аркылуу улуттук мамлекеттерди, ал мамлекеттерди түзгөн жана алардын ээси болгон улуттардын руханий-нравалык, адеп-ахлактык баалуу дөөлөттөрүн бузуп-жарып, ошол улуттардын өздөрүнүн ичинен чыккан айрым бир улут безерлерди, жексурларды пайдаланып, коомду ичинен иритүүгө, өздөрүнүн карөзгөй кытмыр максаттарын ишке ашырууну, улуттук өлкөлөрдү Америкадагыдай улутсуз өлкөлөргө айландырууну көздөп, ар кыл амалдарды ойлоп табышты.
Демократиянын америкалык формасын таңуулашып, “араб жазы”, “тюлпан ынкылабы”, “роза төңкөрүшү” ж.б.у.с. төңкөрүштөрдү уюштурууга далбас уруп келишти. Муну Батыш ошол өлкөлөрдөгү ар кандай фондор, укук коргоочулар, НПОчулар жана Батыштын “акырынын жем жеп” туйтунгандардын, батышчыл, америкачыл демократтардын “марштары”, “жүрүштөрү” аркылуу жасоого, ишке ашырууга аракеттенип келишкени да белгилүү. Мындай аракеттер дүйнөнүн көптөгөн улуттук өлкөлөрүндө уюштурулуп, айрымдарында ал кытмыр карөзгөйлүк ишке ашты. Буга Югославия, Украина, Белорусия, Азербайжан, ж.б.у.с. өлкөлөрдө өткөн окуялар ачык күбө.
Арийне, мындай аракеттер биздин өлкөгө карата да колдонулду. 2005-жылкы “тюлпан ыңкылабы” Батыштын аракети менен, ал эми 2010-жылкы төңкөрүш, Батыш менен өзүбүздүн батышчыларыбыздын колу менен жасалды. Бирок 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуяны Батышсыз, биздеги батышчыларсыз жана “сары тиштүү” саясатчыларсыз эле карапайым калк, жалпы эл, жаштар, анан аларга баш-көз болгон улутман-патриот Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана алардын тилектештери ишке ашырышты. Бизнес элита, интелегенциянын айрым өкүлдөрү байкоочу болуп четте карап турдук, ал эми 20-25-жылдык “стажысы” бар партия жетектеген саясатчылардын көбү качып кетсе, айрымдары реваншисттик маанайда аянтка келип, чыр-чатакты дагы улантууну көздөгөн үмүттөрү ишке ашпай , асты жаалданган элдин ур-токмогуна кабылып, таяк жегендери да болду.
Эң башкысы окуя 2010-жылдагы кандуу каргашадагыдай жаман жагына өнүгүп, адамдар окко учпай, зыянга учурабай, 10 күнгө жетип-жетпей укуктук талаага кирүүнүн конкреттүү аракеттери саясий эрк менен чечкиндүү колго алынды. Натыйжада Өлкөдө тынчтык сакталып, турукташтыруу процесси башталды. Буга жалпы элдин колдоосуна, коргоосуна жана ишенимине ээ боло алган жаңы бийлик менен эски Жогорку Кеңеш олуттуу салым кошту. Муну бүгүн сезбейбиз, айтпайбыз, муну убакыт өткөндөн кийин мезгил тарыхтын таразасына коёт. Булардын тарыхый миссиясын ошондо түшүнөбүз.
Суроо туулат: Эмне үчүн 5-6-октябрдагы окуя болуп кетти..?, “тынч эле жашап, шайлоо өткөрүп жатпадык беле”.
Туура, тынч эле жашоо өткөргөнсүп жатканбыз, 4-октябрда ЖКга партиялык тизме менен депутат шайлаганбыз. Балээнин баары ушундан башталбадыбы, жалпы эл, өзгөчө жаштар ушул шайлоонун жыйынтыгына, бийликчил партиялардын элди акчага сатып алып, биринчи, экинчи, үчүнчү (“Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”) оорунду өзара бөлүштүрүп алганына нааразы болуп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай толкуп чыгышпадыбы. Жалпы элдик толкундоого 1% добуш ала албаган квазипартиялар, алардын лидер сөрөйлөрү да катышып, аянтта кыйкырып жүрүшпөдүбү, “бирөө дарбыса, алар менен кошо дарбып”.
Мындай абалга эмне себеп, эмне түрткү болду...? баарыбыз жакшы билебиз, кыргыз элинин тарыхында каргашалуу кара так – 2010-жылдагы Бишкектеги кан төгүү, Ош, Жалал-Абаддагы улут аралык жаңжал, өлгөн адамдар, өрттөлгөн жайлар, күлгө айланган көчөлөр. Ушундай өтө курч кырдаалда Конституция кабыл алынган. Кан күйүп, жаш агып турган ушундай абалда жалпы эл: өлкөдө тынчтык, туруктуулук орносунчу, өлкөгө мыйзамдуу бийлик келсинчи, эларалык коомчулук жаңы бийликти, убактылуу өкмөттү таанып, алака-катнаш оңолсунчу деген гана инстинктик сезимде убактылуу өкмөт сунуштаган Конституцияны колдоо менен, кабыл алып берген. Бул Баш мыйзамга ылайык, биздин Өлкөдө парламенттик башкаруу деген ат менен квазипартиялардын диктатурасы орноп, бийликти квазипартиялардын атынан уюшулган коалиция деген “ажыдаар” басып алган, ар бир квазипартия бийликти парчалап бөлүштүрүп алган. Эң өкүнүчтүүсү ошол 2010-жылдагы Конституциянын негизинде өткөргөн 10 жылдык турмушубуздагы коррупциянын гүлдөп өнүгүшү, паракорчулук, туугандык, куда-сөөктүк, жердештик, кландык принцип өңдүү ыплас көрүнүштөр, бийликтин алсыздыгы жана чечкинсиздиги 2020-жылдын октябрындагы жалпы элдик толкундоого, бийликтин кан төгүүсүз алмашылышына алып келбедиби.
Бизде классикалык принцип, критерийлерге жооп берген партиялардын жоктугу, алар партия эмес эле “бизнес клуб” экендиги, ал “клубдардын” лидер сөрөйлөрү партиялык принциптерге эмес, “жашылбайларга”, пулуңа таянып иш кылып калганы бизге азырынча парламенттик башкаруу деген жөн эле сөз, болгондо да куру эле жалган сөз экендигин ачыктап салды. Арийне, ушулар жана ушул өңдүү бир катар факторлор биздин Өлкөдө Конституциялык реформа өтө зарыл экендигин, бизге парламенттик эмес күчтүү президенттик башкаруу керек экендигин көрсөттү. Бул - демократиядан кайтуу эмес, бул - өлкөнү өнүктүрүүнүн, тартипти, жоопкерчиликти чыңдоонун туура жолу.
Демек, 2010-жылы таңуулаган башкаруу формасы квазипартиялардын диктатурасын орнотту, бийликчил партиялар мамлекеттик бийликти узурпациялап алды. Бул саясий-экономикалык коррупциянын өнүгүшүнө, кулач жайышына, жаңы деңгээлге көтөрүлүшүнө түздөн-түз өбөлгө болуп, шарт түздү.
Албетте, бүгүнкү кыргыз коомчулугу тарыхый тандоо алдында турат. Эгемендикте жашаган 30 жылдык тарыхыбызда биринчи жолу бийлик элден: “эй эл-журт, сиздерди башкаруунун, сиздерге бийлик жүргүзүүнүн кандай формасын - парламенттик башкарууну же президенттик башкарууну-каалайсыздар” – деген конкреттүү суроо коюп, жалпы элдик добуш берүү – референдум өткөздү. Буга чейин элден минтип сурап, элдин пикирин эсеп-чотко алмак турсун, элге жакшылап түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлбөгөн, башкаруунун формалары жөнүндө маалымат бергенге да жарашпаган, жөн гана Конституция элге таңууланып келген. 2020-жылдын 10-январында өткөн референдум Кыргыз Республикасындагы жалпы шайлоочулардын референдумга катышкандарынын 82%тен ашыгы Президенттик башкаруу формасын тандап алды.
Демократиялык централизм принциби боюнча азчылык көпчүлүккө макул болуш керек. Демек, 82%тен ашык шайлоочунун добушун сыйлоого, таанууга милдеттүүбүз. Так ушул жагдай биздин өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүнү жана жаңы Конституцияны ушул өңүттө жазууну талап кылды.
Жаңы Конституция – Өлкөдө тартипти калыбына келтирүүнүн, Президентке жоопкерчилик тагуунун, өз милдетин так аткаруусунун, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жана контролдоо функциясын жогорулатуунун жана бул аркылуу өлкөдөгү саясий-экономикалык, руханий адеп-ахлактык кризистен кутулуп, мамлекетебизди өнүктүрүүнүн Конституциясы, жаңыланган өлкө түзүүнүн амалын сунуш кылган, эл менен бийликтин биримдигин, жоопкерчилигин, адамдын жана жарандын эларалык стандартка шайкеш, төп келген укугу менен эркиндигин, сөз эркиндигин камсыздоого багытталган Конституция.
Бул Конституция - эгемендиктин жана бийликтин бирден бир ээси болгон элдин жана биз жашап жаткан татаал кырдаалдын, кыйын кезеңдин, оор мезгилдин талабы, бул Конституция – аткаруу бийлигинин ишмердиги үчүн Президентти жеке керт башы менен жооп берүүгө жана элдин мүдөөсүн так, толук аткарууга, элди башкарууга эмес, элге кызмат кылууга мажбурлай турган Конституция. Бул боюнча Президент – Конституциянын, эгемендиктин, Өлкө көзкарансыздыгынын, адамдын, жарандын укугу менен эркиндигинин, ошол эле учурда Өлкөдө тартипти орнотуунун, руханий-нравалык, адеп-ахлактык өнүгүүнүн кепилдиги.
Албетте, бул Конституция Президенттик башкаруу формасын аныктап, аткаруу бийлигин Президент жетектеп жатканы менен, Президенттин ишмердигин Парламент көзөмөлдөйт. Президент Парламенттин, Сот бийлигинин, муниципиалдык жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу бийлигинин ишине кийлигише албайт деген концепция Конституциянын тулку боюн “кызыл сызык” катары тепчип турат. Муну “бөдөнөдөн ....өтөн, жумурткадан кыр, каймактан из” издегендер же көзү сокур, көөдөнү көңдөйлөр, же карөзгөй бетпактар гана көрбөшү мүмкүн.
Парламент мүчөлөрү, айрым депутаттар, өздөрү айтмакчы, эгерде Конституцияда жазылып турган өз милдеттерин, укуктарын Парламент толук колдоно албай “көлдөлөң бөлүп салынып, төшөк болуп төшөлүп, жаздык болуп жаздалып жатып беришсе”, аларды Президент канча жылдан бери “көшөгө артында туруп” башкарып келсе, ага ким күнөөлүү? Депутаттар өздөрү күнөөлү да. Причем тут Конституция? Күчтүү, билимдүү, сабаттуу, сатылбас депутаттар шайланып келип, Президенттин ишмердигин көзөмөлдөгүлө, контролдук функцияңар өтө чоң, Президенттин көшөгө артында башкарышына жол бербей койгула. “Алсыз менен арсыз карөзгөй өзүнүн кемчилигин өзгөдөн издейт” болбогула.
Жакында Венеция комиссиясы жана эларалык укук боюнча кызматташуу уюмдарынын эксперттери деген топ Конституциянын 11-апрелге сунушталган жаңы долбоору боюнча билдирүүлөрү деген “бирдемени” билдиришти. Туура, эларалык ар кандай уюмдар өз ойлорун айта беришет, айтып да келишкен, мында маселе жок, айта беришсин. Бирок алардын айткандары акыркы инстанция эмес, сунуштук рекомендациялык гана мүнөзгө ээ. Ага “Азаттыкчылап” милдеттүү аткарылуучу нерсе катары акцент бербеш керек. Жаңы Конституциянын долбоору жөнүндө, өзгөчө, адам, жаран укугу, эркиндиги, сөз эркиндиги жөнүндө эларалык талаптарга кепилдик берилгендиги жөнүндө алар дурус эле пикир билдиришиптир. Болгону бийлик бутактары бөлүмдөрүнө тиешелүү маселеде Президентке көп бийлик берилип, Парламент менен сот бийлигине аз бийлик берилиптир деген кооптонууларын айтыптыр.
Менимче, эларалык укук боюнча уюмдар, деги эле башка укук коргоочумун дегендер биздин элди, биздин Өлкөнү кош стандарт жүргүзгөн, карөзгөй, нравасы, адеп-ахлагы, менталитети башка Батыш менен салыштырбай мамлиле кылса оң болоор эле. Биздин элдин, Өлкөнүн руханий нравасы, адеп-ахлагы, психологиясы, менталитети, маданияты, үрп-адаты, салт-санаасы, нарк-насили Батыштыкындай эмес, өзгөчөлүү. Бизге Американын, Батыштын айрым бир жагдай-жактары туура келсе, көбү жат, туура келбейт. Ушуну эске алыш керек. Алар антпей эле “тырмагын бооруна катып, котур таштарын койундарына бекитип”, биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү жоюп, өздөрүнө окшоштургусу келет, бизде өнүгүүнүн, туруктуулуктун, тынчтыктын болушун, элдин барчылыкта бакубат жашоосун алар канчалык деңгээлде, канчалык чын нээтте каалайт деген шектенүү аргасыздан жаралат.
Кандай болгон күндө да биздин Конституция менен биз жашайбыз, биздин эл Президенттик башкаруу формасын тандады, ошого жараша Конституция жазылды, эми эл ошону колдоп, 11-апрелде ага добуш берүүсү зарыл. Бул –элдин, Өлкөнүн өнүгүүсүнүн, тартипти орнотуунун, саясий-экономикалык өнүгүүнүн мүмкүнчүлүгү, мындай тарыхый мүмкүнчүлүк такай эле келе бербейт....
Сыртбай Мусаев
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор
Пикир
Оставить комментарий