• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Доскул Бекмурзаев ооруканага 5 күн мурда эле кайрылган — дарыгер

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди.

Анын айтымында, чиновник ооруканага беш күн мурда эле кайрылып, жаткырылган. Учурда ал кардиология бөлүмүндө дарыланууда.

Дарыгер Бекмурзаевдин диагнозу боюнча комментарий берген жок.

Белгилей кетсек, министр 11-октябрда Жалал-Абадда өткөн "Кыргызнефтегаздын" 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышкан.

Президент менен өкмөттүн Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Расул Султангазиев агенттикке билдиргендей, чиновниктер иш-чарага катышуу үчүн тыныгуу алып, кайрадан стационарга келсе болот.

Буга чейин Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгондугун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий