Энергетика министри Талас ЭТИнин күз-кышка даярдык иштерин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 21.05.24. /Кабар/. Энергетика министри Таалайбек Ибраев Бакай-Ата, Талас, Манас жана Айтматов райондук электр тармактарынын 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштерин текшерди.

Ведомстводон маалымдашкандай, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында министр Бакай-Ата, Айтматов жана Манас РЭТинин кызматкерлери менен жолугуп, энергетика тармагындагы айрым чечилбеген маселелерди, энергетиктердин айлык маянасын талкуулады.

Мындан тышкары, РЭТтердин имараттарын текшерип, энергетикалык жаблуударды сактоочу кампаны калыбына келтирүү, имараттын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин баса белгилеп, тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди.

Ошондой эле министр өз сөзүндө РЭТтин жетекчилерине 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине болгон даярдык сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий