• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Энергетика министрлиги ГЭСтерге экскурсия уюштурат – максаты

Коом 0

Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Энергетика министрлиги гидроэлектростанциялардын (ГЭС) иштешин, жаңыланган жабдууларды жана электр энергиясынын өндүрүү процессин өз көзү менен көрүүнү каалагандар үчүн бекер экскурсия уюштурууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармакка жазды.

Экскурсияда эмне болот?

  • ГЭСтердин иштөө процесси тууралуу маалымат аласыз;
  • жаңыланган гидроагрегаттарды көрөсүз;
  • электр энергиясынын өндүрүлүү жолдорун түшүнөсүз;
  • Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана анын энергетикадагы ролу тууралуу билесиз;
  • энергетика тармагында аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, кызыктырган суроолоруңузга жооп аласыз.

Экскурсиянын максаты

Акыркы убакта коомчулукта "Тарифтер эмнеге көтөрүлүп жатат?", "ГЭСтер жаңыланып жатканы менен жарык эмнеге жетишсиз?" же "Суу каякка кетип жатат?" деген сыяктуу суроолор көбөйүүдө. Экскурсиянын негизги максаты — энергетика тармагындагы маселелерди жеринде фактылар менен түшүндүрүп берүү.

Чогула турган жай:

  • дарек: Энергетика министрлиги, Жибек-Жолу көчөсү, 326;
  • чогула турган убакыт: таңкы саат 06:00;
  • сапарга чыгуу: 21-январь, саат 07:00 (баргандар паспортун жанына алуулары зарыл.)

Экскурсияга бардык каалоочулар – активисттер, журналисттер, эксперттер жана жөнөкөй жарандар катыша алышат.

Каттоо үчүн байланыш:

  • 0704 45-38-38
  • 0772 66-57-87

Энергетика маселелерине кызыгып, фактыларды жеринде билүүнү каалагандар үчүн бул — уникалдуу мүмкүнчүлүк! Барып келген чыгымдар министрлик тарабынан жабылат.

Пикир

Оставить комментарий