• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектин мэрине издөө жарыяланган жок – УКМК

Коом 0

Бишкек, 16.07.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго издөө салынган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мэрге чакыруу кагазы жиберилген.

“Эгерде ал эки жолу чакырганда келбесе, анда издөө жарыяланат”, - дешти УКМКдан.

Буга чейин Twitter социалдык тармагынын колдонуучусу jnastaev “Шереметьево” аба майданынан издөө салынган адамдардын тизмесинен Албек Ибраимовдун сүрөтүн көргөнүн жазган.

2018-жылдын 28-майында УКМК тарабынан А.Ибраимовго кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып чоң өлчөмдөгү ишенилип тапшырылган мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКтын төрагасы А.Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖчКсынын башкы директору А.Сасыбаеванын ортосунда 533 миң 760 долларлык 80 даана буюмду жиберүү боюнча келишим түзүлгөн. Андагы бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларды түзгөн. Эки тараптын ортосунда келишим түзүлгөн соң мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.

13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) депутаттары бир добуш менен мэрге ишеним көрсөтпөө чечимине келишип, аны отставкага жиберишкен.

“Кабар” агенттигине берген интервьюсунда БШКнын төрагасы Алмаз Кененбаев мэр эмгек өргүүсүнө анын орун басарына кылмыш иши козголуп жатканда кетип калганына нааразы болгон. Эске сала кетсек, 8-июлда Бишкектин биринчи вице-мэри Ренат Макеновго коррупция беренеси боюнча күнөө коюлуп, камалган.

Пикир

Оставить комментарий