• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Энергетиктер электр жабдууларына тепловизиондук көзөмөл жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. Энергетиктер электр жабдууларына тепловизиондук көзөмөл жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

"Кыргызстан улуттук электр тармактар" ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын изоляция жана чыӊалуудан коргоонун жергилитүү кызматынын адистери жогорку чыӊалуудагы тармактардын кызматы менен бирге аба чубалгыларында жана электр жабдууларында пландуу тепловизиондук көзөмөл жүргүзүүдө.

Электр жабдууларын жылуулук текшерүүсү алардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн профилактикалык иш-чаралардын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Адистер атайын камеранын -тепловизор жардамы менен электр жабдууларында тепловизиондук текшерүү жүргүзүүдө. Бул камеранын жардамы менен жогорку чыӊалуудагы аба чубалгыларындагы жана көмөк чордондордун жабдууларындагы дефектерди өз убагында аныктай алышат.

Бишкек электр тармактар ишканасынын изоляция жана чыӊалуудан коргоонун жергилитүү кызматынын башчысы Нурсеит Машраповдун айтымында, жабдуулардын тепловизиондук көзөмөлү контакттык бирикмелердин ысып кетүүсүн эрте диагностикалоо жана андан аркы авариянын алдын алуу үчүн жүргүзүлөт, ошондой эле, дефектерди эң алгачкы этаптарында аныктоого болот.

Пикир

Оставить комментарий