Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Саманчин, Малдыбаев, темир жол линиясы жана Ибраимов, андан ары Жукеев-Пудовкин көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүу токтотулат.

Бул убакта жолдорду капиталдык оңдоого байланыштуу жана шаардык кызматтардын рационалдуу иштеши үчүн диаметри 400 мм болгон суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, шаар тургундарын күн бою таза суу менен камсыз кылуу үчүн 14 унаанын жардамы менен ичүүчү сууну жеткирүү уюштурулат. Ошондой эле биодааратканалар орнотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Пикир

Оставить комментарий