• 87
  • 89.63
  • 0.85

Эсептөө палатасынын кызматкерлери кармалды – УКМК

Укук тартиби 0


Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Эсептөө палатасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Атайын кызмат тарабынан Эсептөө палатасынын тутумундагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун алкагында Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу жана берүү фактысы аныкталды.

Белгиленгендей, Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М. кызматтык абалынан пайдаланып, аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык пландарын даярдоодо жана түзүүдө, ошондой эле текшерүү объекттери боюнча инспекторлорду бөлүштүрүүдө туруктуу коррупциялык схеманы түзгөндүгү такталды.

К.М.М. белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн мамлекеттик инспекторлордун жакындарын максималдуу аярлуу жана финансылык жактан камсыз болгон мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жөнөткөн, алар кийин объекттердин жетекчилерин опузалап, пара берүүгө көндүрүшкөн.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М., ошондой эле мамлекеттик инспекторлор М.Ж.Д. жана К.Ж.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө–оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий