• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

ЕврАзЭСдеги эки жыл: Кыргызстан бирликке кирип эмне муратка жетти?

Өкмөт 0

12-августта Кыргызстандын Евразиялык экономикалык бирликке (ЕврАзЭС) кошулгандыгына туура 2 жыл толду.

Бул аралыкта өлкөбүздө мыйзамдаштыруу деңгээлинде, ошондой эле интеграциялык бирикмеге иш жүзүндө аралашуу жаатында да бир катар өзгөрүүлөр орун алды.

Көп сандаган экономисттер жана өлкөбүздүн жетекчилиги евразиялык экономикалык бирликке кошулган алгачкы мезгилде шыр эле жылыштар болуп кетпестигин, бирок, ЕврАзЭС кыргыз ишканаларына 180 миллион калкы бар чоң рынокко жана инвестицияларга жол ачып, узак мөөнөттүү келечегинде Кыргызстан утушка гана ээ болорун жана сөзсүз үзүрүн көрөрүн бир нече жолу кайталап айтышканы эсте.

Алгачкы натыйжалар

Азыр эми ЕврАзЭСге кошулуудан өлкөбүз макроэкономикалык жакшы көрсөткүчтөргө жетише алды десек болот. Айтсак, 2017-жылдын алгачкы жарымында ЕврАзЭС өлкөлөрүнө сүт азыктарын экспорттоо 30%га жогорулады, эмгек мигранттарынын 5 айдагы акча которуулары 695 млн долларды түзүп, 39%га өстү. Евразиялык экономикалык бирликтеги өлкөлөр арасынан Кыргызстанда экономинын эң жогорку өсүш темпи байкалууда. Мындан сырткары, ЕврАзЭС өлкөлөрү менен соода-сатык деңгээли өсүүдө жана 874 млн сомго жетти.

Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун айтымында, Кыргызстан жакшы натыйжаларга жетишип жатат. “ЕврАзЭСге 2015-жылдын август айында толук кандуу мүчө болгонубуз өзүңөргө жакшы маалым. Кыргызстан интеграциялык бирликке абдан жакшы шарттарда жана өз убагында кошулду. Эгер шарттар туурасында айтсак, толук кандуу мүчө болуу биз үчүн чоң артыкчылык, биздин добушсуз бирликте эч бир чечим кабыл алынбайт. Бирликке киргенден кийин чек араларда бажы көзөмөлү жоюлду – бул абдан маанилүү чечим”, - деди ал.

Ошону менен бирге эле, ЕврАзЭСге кирүү учурунда Кыргызстан өзүнө бир катар милдеттенмелерди кабыл алган – алардын бири өлкөдө заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болушу.

Жалпысынан Евразиялык экономикалык комиссиянын 2016-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын ЕврАзЭСге кирүүсү баштапкы интеграциялык кайтарым катары үзүрлүү натыйжаларды бере баштады.

Бирлик боюнча өз ара соода-сатык жалпысынан кыскаргандыгына (2015-жылдын деңгээлине 93,3%) карабастан, Кыргызстандын бирлик мүчөлөрүнө товар жөнөтүүсү 4,4%га өстү. Маселен, Казакстанга баалуу металлдардын рудасын, жашылча жана жемиш, кийим-кечектерди жөнөтүүнүн көбүйүшү товар экспорттоо көлөмү 17,4%га жогорулады.

Бирликте жалпы экспорт көрсөткүчтөрү 17,5%га, анын ичинде Белоруссияда – 22,3%га, Казакстанда – 19,5%га, Россияда – 17,2%га төмөндөп жатса, Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөргө товар экспорттосу 5,2%га өстү.

Бирлик боюнча өнөктөштөрдөн айрымаланып, ЕврАзЭСден сырткары өлкөлөрдөн товар импорттоонун 15,3%га өскөнү катталды.

2015-жылы бирлик рыногуна Кыргыз Республикасынын товар чыгаруусу 37,3%га азайган. Бирок ошондо да Кыргызстандын көрсөткүчү жалпы бирликтикине караганда 12%га төмөн болгон (жалпы бирлик боюнча 74,7%га каршы 62,7%).

2015-жылы өз ара соода-сатыкта Кыргызстандын экспорттук темпи жогору эле болмок. Кыргызстандын Бирликке кирер алдындагы 2014-жылы реэкспорттук товарлардын чоң көлөмүнө байланыштуу жогору белгиленген базалык көрсөткүчтөр терс таасирин тийгизди. Мисалы, 2014-жылы үчүнчү өлкөлөрдүн товарларын реэкспорттоо 61,3 млн долларды, 2015-жылы – 61,3 млн долларды, 2016-жылы – 13,9 млн долларды түзгөн.

Арийне, башка эксперттер баамдагандай ЕврАзЭСге кирүү аймактагы экономикалык төмөндөө учуруна туш келген ылайыксыз убакта ишке ашкан.

ЕврАзЭС мигранттардын Россияда мыйзамдуу иштөөсүнө шарт түзгөн эбегейсиз пайда алып келди, бул өлкө жана кыргызстандык үй-бүлөлөр үчүн да абдан маанилүү. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы ЕврАзЭСге кирбесе, кыйынчылыктардын залакасы тиймек эмес деген ойлор туура эмес”, - дейт Бүткүл дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук.

Анын айтымында, Бирликке кирүү ЕврАзЭСдин талаптарына ылайыкташуу, аймактын деңгээлде атаандаштар тарабынан өсүп жаткан кысымы, экспортточулар үчүн кыйынчылыктар менен байланышкан бир катар тобокелдиктерди пайда кылды.

Бүгүн эмнеге жетиштик?

Кыргызстан үчүн ЕврАзЭСге кошулуу маанилүү натыйжалары кайсылар?

- Кыргызстандын ЕврАзЭСге мүчө болуусу эмгек мигранттарынын ишке жеңил орношуусуна, эркин кыймылына жана ишкердик кылуусуна, үй-бүлөлөрүнүн социалдык жашоо абалын жакшыртууга шарт түздү;

- 2016-жылы акча которуулар 18,5%дан ашык өстү ($1,547дан $1, 834 млрдга чейин). Бул каражаттар өлкөбүздүн ички муктаждыктарына жумшалып жаткандыктан, сооданын өсүшүнө тикелей таасир эткен инвестициялык капиталдын маанилүү булагы болуп саналат;

- россиялык тараптан бөлүнгөн 200 млн доллар каражаттын эсебинен бажы, өткөөл постторун жана лабораторияларды зарыл жабдуулар менен жабдуу боюнча жумуштар жүзөгө ашырылды. 2017-жылдын 1-январына карата 16,42 млн доллар министрликтер менен мекемелерге бөлүштүрүлдү;

- “Манас”, “Ош”, “Торгугарт”, “Иркештам” - 4 өткөрүү пункту жана “Торугарт”, “Иркештам”, “Достук”, “Кызыл-Бел”, “Кара-Суу” т/ж, “Манас” жана “Ош” аэропорттору – 7 ветеринардык-көзөмөл пункттары жабдылды. Булардан тышкары, мамлекеттик бюджеттин эсебинен 8 өткөөл пунктун куруу жана жабдуу боюнча кошумча жумуштар жүргүзүлүүдө;

- мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкелеринде фитосанитардык көзөмөл жана кыргыз жүк ташуучуларын Казакстандын аймагы боюнча бажылык коштоо алынды;

- Кыргызстандын аккредитацияланган 30 лабораториясы жана сертификаттоо боюнча 9 органы ЕврАзЭСдин бирдиктүү реестрине киргизилди, алар тарабынан берилген документтер бирликтин бардык аймагында таанылуу күчүнө ээ;

- Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фонду түзүлдү. Бүгүнкүгө чейин Россия бөлгөн 500 млн доллардын эсебинен 2017-жылдын 26-майына карата 234 млн доллар суммасындагы 724 долбоор жактырылды;

- Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда 100 млн доллар суммасында (41 млн доллары аныкталган) Казакстан тараптан техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бул каражат бажы инфраструктураларын техникалык жабдууга, сынак лабораторияларын өркүндөтүүгө жана башка маанилүү иш-чараларга жумшалат;

- Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө келишимге кол коюлду;

- 2016-жылдын аягында Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызтанга темир жол транспорту менен жүктөрдү ташууга унификацияланган тарифтерди колдонуу боюнча Казакстан менен келишимге кол коюлду;

- ЕврАзЭС менен итеграциялашуу шартындагы фискалдык саясатыбыз алгачкы күндөн тартып эле либералдаштыруу жолуна салынды;

- учурда ветеринардык көзөмөлдөн өткөн айыл чарба продукцияларын Россия менен Казакстанга жөнөтүүгө уруксат берилген. Евразиялык экономикалык бирликтин реестрине кыргызстандык 28 компания киргизилди, алардын 24ү - Россиянын, 25и – Казакстандын рыногуна товар экспорттойт. ЕврАзЭСдин реестрине 15 - сүт иштетүүчү, 8 - балык өстүрүүчү жана кайра иштетүүчү, 2 - термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүүчү жана 3 – бал өндүрүүчү компания кирди.

Ошондой болсо да, тоскоолдуктар дагы эле бар...

Экономика мнистринин орун басары Алмаз Сазбаков Бишкектегеи маалымат жыйындарынын биринде белгилегендей, учурда ЕврАзЭСдин ички рыногунда биздин өндүрүүчү жана экспортточу ишканалар дуушар болуп жаткан көптөгөн тоскоолдуктар менен тосмолор дале бар. Тоскоолдуктар тышкы жана ички рынокто да жаралууда. “Ички факторлордун арасында өзүбүздүн аракетке көз каранды чечимдер,ал эми тышкы факторлордо ЕврАзЭСдеги жамааттык чечимдер бар. Аймактар тарабынан коюлуп жаткан сапатты текшерүүчү инфраструктуралардын даяр эместиги, транспорттук инфраструктуранын чабалдыгы, техникалык жардамдын алкагында Казакстандан жабдуулардын кечигип жатышы, деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгүбүздүн жоктугу, темир жол транспортубуздун өнүкпөгөндүгү, Россия менен Казакстандын ири тармактарын өзүнө тарта албаган рынокторубуздун майда жана чачырандылыгы, ЕврАзЭСдин шарттары жана талаптары жөнүндө ишканалар менен аймактарыбызда маалыматтардын аздыгы сыяктуу ички факторлор экспорттун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө” – дейт ал.

Министрдин орун басарынын көз карашында төмөнкүдөй тоскоолдуктарды белгилөөгө болот:

- мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде ветеринардык көзөмөлдүн сакталып жатышы;

- унификацияланган темир жол тарифтеринин толук колдонулбагандыгы;

- ЕврАзЭСге мүчө өлкөлөргө Казакстандан көмүр жөнөтүүгө ренталык салыктын колдонулушу;

- Армениядан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө орус тилинде маалыматтардын жоктугу;

- Россияда өндүрүлгөн шампан жана шараптарды жарнактоого алда канча артыкчылдыктуу шарттардын түзүлүп жатышы.

Чектөөлөр боюнча министрлик кийинки маселелерди белгилейт:

- алда канча ийкемдүүлүктү талап кылган акцизделүүчү товарларга ставкалардын ар түрдүүлүгү;

- Бирликтин алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн ташууга бирдиктүү талаптардын жоктугу;

- айыл чарбасына колдоо көрсөтүү боюнча уруксат берилген деңгээлин аныктоодо бирдиктүү ыкманын жоктугу;

- аккредитациялоо жаатында бирликке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкештештирүүнүн жетишсиздиги;

- өсүмдүктөргө карантинди камсыздоонун бирдиктүү эрежелери менен ченемдердин жоктугу.

Учурдагы аракеттерибиздин абалы кандай?

Кыргызстан ЕврАзЭСге киргенден бери өлкөдө 18 техникалык, алардын арасында тамак-аш коопсуздугуна тиешелүү регламент колдонулууда. 2016-жылдын 12-февралында 13 техрегламент, 2016-жылдын 12-августунда дагы 3 регламент кабыл алынган, ал эми 2017-жылдын 12-августунан тарта дагы 18и күчунө кирет. “Кабыл алынган тамак-аш коопсуздугу боюнча техникалык регламенттер маркировкалоо, мөмө-жемиш ширелери, майлуу өсүмдүктөр, сүт жана сүт азыктары, эт жана башкаларга тиешелүү. Бул техрегламенттерди актуалдаштыруу максатында, аларга бардык баа берүү ченемдери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары ылайыкташтырылды. ЕврАзЭСдеги техрегламенттердин эң башкы талабы – ички жана тышкы рынокту сапат жана жетиштүү көлөмдөгү керектөө менен камсыздоо болуп саналат. Учурда ХАССП жана ISO 2000 стандарттарына ылайыкташуу маселеси жаралууда, азырынча бул талапка баш ийүү ыктыярдуу десек болот, бирок убагы келгенде бардык ишканаларга милдеттүү колдонулат”, - деп билдиришти Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жай министрлиги.

Ошону менен бирге эле Кыргызстандын аймагында ЕврАзЭСдин техрегламенттери күчүнө кирген учурда экспорттоочулар эч нерсе өзгөрбөйт деп өкмөттөн түшүндүрүштү. Эгерде экспорттоочу ишкана продукция өндүрүп башка өлкөлөргө, анын ичинде ЕврАзЭСге жөнөтүп жатса, ошол өлкөлөрдө кабыл алган техрегламенттин эрежелерин карманууга милдеттүү. Арийне техникалык регламент ички өндүрүүчүлөр үчүн күчүнө кирип жатат. “Эске ала турган айрым өзгөрүүлөр жана катуу талаптар менен бирге эле, биздикинен айрымаланган жаңы талаптар да бар. Эгерде коопсуздук сертификатынын мөөнөтү бир аз өтүп кеткен продукциянын коопсуз экендиги аныкталса, ал ЕврАзЭСрыногунда дагы эки жылга чейин сатыла берет. Эгерде мен – бөтөлкөгө куюлган суу өндүрүүчү болсом жана улуттук регламент болсо, жана мен продукциянын бул түрүнө 11-августка чейин коопсуздугун тастыктоочу тишелүү документин алган болсом, бул продукция ички рынокто дагы эки жыл сатыла берет. Эч нерсе өзгөрбөйт. Бирок, продукциянын жаңы түрү болсо, ал улуттук эмес, ЕврАзЭСдин техникалык регламентинин талабына жооп бериши керек. Ал эми биздин техтескөөгө дал келбеген продукциялар үчүн өткөөл мезгил каралган”, - деп айтты вице-премьер министр Олег Панкратов.

Ал эми мыйзамдаштыруу маселелерине токтолсок, жакында эле мамлекет башчысы “Накта мехтен тигилген кийим кечек, аларга тиешелүү жана башка жасалгалар” товардык позицияларын идентификациялык белгилер менен маркировкалоо каралган 2015-2016-жылдарга пилоттук долбоорду жүзөгө ашыруу боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мындан тышкары, учурда ЕврАзЭСде дары-дармек каражаттары үчүн бирдиктүү рынок киргизилүүдө.

ЕЭктен маалым болгондой, 2017-жылдын 1-июлунан тарта евразиялык “бешилик” өлкөлөрүндө өсүмдүктөрдүн карантини багытында бирдиктүү ченемдик-укуктук базаны түзө турган төрт негизги документ күчүнө кирди. Сөз 2016-жылы ЕЭК тарабынан иштелип чыккан жана кабыл алынган ЕврАзЭСдеги карантиндик объектилердин бирдиктүү тизмеси; ЕврАзЭСдин бажы аймагында жана бажы чек арасында карантинделүүчү продукциялар менен объектилерге коюлуучу бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптар; ЕврАзЭСдин бажы аймагында өсүмдүктөрдүн карантинин камсыздоонун бирдиктүү эрежелери менен ченемдери жана карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоонун тартиби жөнүндөгү ченемдик актылар туурасында болуп жатат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий