• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Европа биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Европа биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар. Муну президент Садыр Жапаровдун Брюсселге жасаган иш сапары айгиленеп турат. Бул тууралуу саясат таануучу Игорь Шестаков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, акыркы эки жылда Евробиримдик жана Европа биримдигинин мамлекеттери Борбор Азия менен алакаларын арттырууга ыктап жатат. Буга C5+1 форматындагы саммит мисал боло алат.

“Менин көз карашымда, Евробиримдик алдыга умтулууну улантып жатат. Ошол эле маалда акыркы жылдары аймак менен жогорку деңгээлдеги кызматташууларды жүргүзүүгө Россия, Кытай, АКШ кызыкдар. Муну менен биздин регион эл аралык көңүл буруунун борборунда болуп жатат. Кыргызстандын Европа биримдигиндеги мамлекеттер менен товар алмашуусунун көрсөткүчтөрү 2023-жылдан баштап 1,5 эсеге жогорулап, 600 млн евродон ашты. Менин божомолумда, Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө ЕБ өлкөлөрүнөн Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелери талкууланат болушу керек. Анткени Европа рыногунун стандарттарына жооп бере тургандай продукцияларды экспорттоого инвестициялардын көмөгү зарыл”, - деди серепчи.

Ошондой эле Шестаков сүйлөшүүлөрдө Борбор Азиянын жана Евробиримдиктин артыкчылыктуу багыттарынын бири болгон жашыл технологиялар жана энергетикалык кызматташуулар да талкууланат деген ойдо. Анткени Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен электр энергиясын үнөмдөө, экологиялык балансты сактоо боюнча бир катар долбоорлор ишке ашып келет.

“Менин оюмча, сүйлөшүүлөрдө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоору да каралат. Бул ири долбоор Борбор Азия мамлекеттеринин алкагында гана эмес, эл аралык соода-сатык кызматташууларда маанилүү экендигин айта кетүү керек. Товарларды жеткирүү пункттарынын бири Евробиримдиктин мамлекеттери болгондуктан, бул маселе да талкууланышы мүмкүн”, - деп белгиледи саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий