• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Февралда Кыргыз улуттук драма театры ачылып, орус драма театры оңдоого жабылат

Маданият 0

Бишкек, 01.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры оңдоп-түзөөдөн кийин февраль айында ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз улуттук драма театрында эки жылдай оңдоо иштери жүргөн.

“Февралда театрды ачып, көрүүчүлөргө “Манастын уулу Семетей” спектаклы жаңыртылган форматта тартууланат. Ошол эле учурда Ч.Айтматов атындагы орус драма театры жабылганы турат. Анын тегерегиндеги тамак-аш жайлар тазаланып, оңдоого даяр болду. Ушул айда тендер жарыяланып, театр толук оңдоодон өтөт. Ал эми Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык музыкалык драма театрында капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуш Өзбекстан тараптан аткарылып, 5 млн доллар каражат жумшалып жатканы айтылат. Июнь-июль айында өзбек тарап менен бирге ачканы турабыз”, - дейт ал.

Министр өлкө аймагында өткөн жылы 44төн ашык спектакль коюлганын айтып, жалпы оюн-зоок мекемелери 23 млн 819 миң сом табышканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий