Бишкек, 16.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Учурда финансы-кредиттик уюмдарда валюталык резервдер жетиштүү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январга карата 1 доллар 87,44 сом, 1 евро – 90 сом, 1 рубль – 0,85 тыйын, казак теңгеси – 0,16 тыйынды түзүүдө.
Эске салсак, өлкөнүн негизги банкы 2024-жылы валюта рыногуна 26 жолу интервенция менен жасаган. Анын ичинен 13 жолу АКШ долларын сатып алып, 13 жолу саткан. Мында былтыр 675,6 млн доллар сатылып, 369,8 млн доллар сатып алынган.
Ал эми 13-январда 2025-жылдагы биринчи интервенция жасалып, валюта базарына 79 млн доллар сатылган.
Пикир
Оставить комментарий