Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы 26-январдан тарта министрликтин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн окутууларды өткөрө баштады.
Ведомстводон билдиришкендей, кызматкерлер министрликтин окуу борборунун базасында оффлайн форматта окутуудан өтүүдө.
Окутуу процессинде кызматкерлер региондордун бюджеттик мекемелеринин бухгалтерлерине консультациялык-методикалык жардам көрсөтө алышат, мында "борбордоштурулган эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасын жана эсептердин бирдиктүү планын иш жүзүндө колдонуу боюнча көндүмдөргө жана билимдерге ээ болушат.
Эске сала кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тартып «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалымат системасында бухгалтердик эсеп жана Бирдиктүү эсепке алуу планына ылайык мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү бюджеттик мекемелер бухгалтердик эсепти жүргүзүшөт.
Пикир
Оставить комментарий