• 87
  • 90.63
  • 0.79

Функционалдык сабаттуулук PISA программасынын негизги өзөгүн түзөт - Алмазбек Токтомаметов

Билим 0

Бишкек, 29.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Функционалдык сабаттуулук PISA программасынын негизги өзөгүн түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дан жабыркаган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу долбоорунун алкагындагы окутуу негизинен функционалдык сабаттуулук багыты боюнча болду. Окуулардын натыйжасында PISA-2025те алдыга жылуулар байкалып, 2028-жылга китептер, окуу ыкмалары жана мугалимдер толук даяр болот.

“Функционалдык сабаттуулук PISA программасынын негизги өзөгүн түзөт. Бүгүнкү долбоор PISA-2025 эл аралык программанын изилдөөсүнө катыша турган Кыргызстандын мугалимдери жана окуучулары үчүн чоң даярдык болду. Алсак, биринчи багыты окурмандык сабаттуулук – бала окуганын канчалык деңгээлде түшүнүп, ошону турмушта колдоно алат дегенди түшүндүрөт. Экинчиси математикалык сабаттуулук, үчүнчүсүндө илимий-табигый деп аталган физика, химия, биология жана география сабактарындагы баланын сабаттуулугу текшерилет. Алдыдагы PISA-2025те ушул окуулардын түздөн-түз жакшы таасири тиет деп ишенем”,- деди Алмазбек Токтомаметов.

Эскерте кетсек, кыргызстандык окуучулар 2006-жылы 57 мамлекеттин мектеп окуучулары катышкан PISA эл аралык баалоо программасына катышып, 57-орунга ээ болушса, кийинки 2009-жылы да 65 мамлекеттин ичинен эң акыркы болуп катталган. Окуучулардын билиминин мындай начар көрсөткүчүн Алмазбек Токтомаметов төмөнкү жагдайлар менен байланыштырды.

“Акыркы орунда болуп калганыбыздын объективдүү себептери болгон. Биринчиден биз даярданган эмеспиз, экинчиден балдардын компьютер менен иштөө көндүмдөрү болгон эмес. Үчүнчүдөн, негизи 15 жаштагы 9-класстын балдары тапшыруусу керек болсо, биздин билим берүүнүн программасы боюнча PISA изилдөөсүндөгү суроолордун көбү 10-11-класста өтүлөт экен. Биздин балдар ал теманы өтпөй туруп эле изилдөөгө катышып калышкан. Ошондуктан окутуу программасын өзгөртүүгө аракет кылып, Сингапурдун китептерин алып жатканыбыздын себеби да ушул. Анткени ал жактын китептери толугу менен PISAга ылайыкташкан. PISA-2025те жогорку натыйжа көрсөтө албасак да, PISA-2028де Кыргызстан жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алат деп ишенем”, - деди Токтомаметов.

Эске салсак, COVID-19дан жабыркаган балдарды сапаттуу билим менен камсыз кылуу долбоорунун алкагында өлкө боюнча 460 мектепте 10 миңден ашык мугалим окутулуп, 20 миңден ашык окуучу функционалдык сабаттуулук боюнча билим алууга жетишти.

Маалымат үчүн: PISA - билим берүүнүн жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жана колдонуу жөндөмүн баалоо. Ал 2000-жылдан бери үч жылда бир өткөрүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий