• 87
  • 89.63
  • 0.85

Үй-бүлө азаптын эмес, сүйүүнүн ордосу – ИИМ зомбулукка каршы ролик тартты

Коом 0


Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйүнө арналган социалдык ролик тартты.

Ведомствонун маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук – бул жеке адамдардын жашоосун гана эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө зыян келтирүүчү олуттуу көйгөй.

Зомбулуктун эч кандай негизи жок экенин түшүнүү маанилүү, ал гана эмес физикалык, ошондой эле психологиялык, экономикалык жана сексуалдык түрдө да көрсөтүлүшү мүмкүн. Үй-бүлөдөгү зомбулук анын бардык мүчөлөрү үчүн терс кесепеттерди жаратат, айрыкча зомбулукка күбө болгон, же жабыр тарткан балдарга терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул көйгөйдү кантип алдын алууну билүү өтө маанилүү.

"Эгерде сиз зомбулукка күбө болсоңуз, же өзүңүз жабыркасаңыз - четте калбаңыз. Кыска 102 номуруна чалыңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий