• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү. Бишкекте жумушчу топ түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын райондук администрацияларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Маалыматка ылайык, кеңешме КР президенти Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү

Жыйындын жүрүшүндө шаардыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маселеси талкууланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө жобону иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын курамына дин өкүлдөрү, кызыкдар министрликтер жана ведомстволор, ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кирет.

Эске салсак, КР президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Жарлыктын максаты - Кыргызстандын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу руханий атмосферага терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий