• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

ИИМ Академиясында киберволонтердук боюнча пилоттук долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 15.10.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын Криминалистика жана маалыматтык технологиялар кафедрасынын базасында "Киберволонтердук" пилоттук долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, пилоттук долбоор билим берүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана интернет кылмыштуулугуна каршы күрөшүүдө ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу шарттарын түзүү, ошондой эле окуу жайдын билим алуучуларына кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча практикалык тажрыйбанын көндүмдөрүн үйрөтүү максатын көздөйт.

Киберволонтерлор долбоордун натыйжалуулугу үчүн Ички иштер министрлигинин бардык кызматтары менен биргеликте иш алып барышат.

"Бүгүнкү күндө аталган долбоорго курсанттардын жана студенттердин катарынан 80ден ашуун киберволонтёрлор чыгып, долбоорду ишке ашырууга катышууга даярдыгын билдиришти. Ошондой эле алгачкы жолугушуулар өтүп баштады", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий