ИИМ башчысы Жунушалиев Баткен ОИИБдин аймактык бөлүмдөрүн текшерди

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактык ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө барган.

КР ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Лейлек, Кадамжай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн, Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички Аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн ишин текшерип, ИИМдин Ички Аскерлеринин имаратын кыдырып, аскер кызматкерлери менен жолуккан.

"Андан сырткары, Жунушалиев аймактык бөлүмдөрдүн кызмат өтөө жерлерин, кызматтык ишмердүүлүгүндөгү уюштуруучулукту текшерип, зарыл болгон күчтөрдү жумшоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөгү негизги багыттарды атап, Лейлек районунун Кулунду айылында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашкан милиция кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ башчысы тиешелүү күч түзүмдөрүнө чек арага чектеш аймакта жашаган жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин баса белгилеген.

Ошондой эле Кашкар Жунушалиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам курман болгон Равшан Муминовдун үйүнө барып, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айткан.

"Андан соң, министр Баткен районунун Ак-Сай айылындагы милициянын таяныч пункту менен коомдук алдын алуу пунктунун ремонттоо жана курулуш иштеринин жүрүшү, Кадамжай РИИБдин жаңы имаратынын курулушу менен кызыгып, аталган РИИБдин өздүк курамы, милициянын ардагери жана жергиликтүү калк менен жолуккан. Күн мурун Ички иштер министри Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери менен жолугуп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо, коомчулук менен кызматташуу, уюштуруучулук, тиричилик жана башка көйгөйлөр боюнча маселелер талкууланды", - деп кошумчалашты ИИМдин басма сөз кызматынан.


Пикир

Оставить комментарий