• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

ИИМ: Кыргызстандын аймагында 70 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда “Кара куурай” жана “Канал-Невский щит” аталыштагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында 2 миң 23 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2069 гектар жер изилденди. Анын ичинен 86 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, 70 тонна 118 килограммы өрттөө жолу менен жок кылынды.

Аталган иш-чаранын алкагында жети баңгилик кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 14 кг 503 гр баңгизат жана психотроптук заттар алынды. Анын ичинен 11 кг 954 гр гашиш, 1 кг 671 гр психотропттук зат, 878 гр кара куурай табылды.

Пикир

Оставить комментарий