• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

ИИМ соцтармактарда чагымчыл маалыматтарды жарыялоого тыюу салынганын эскертет

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүүдө. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда.

ИИМ аймактар жана улуттар аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар КР Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

"Учурда өлкөдө коомдук-саясий абал туруктуу. Күч түзүмдөрү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иштерди жогорку деңгээлде жүргүзүп жатат. Жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү эскертилген.

Пикир

Оставить комментарий