• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

ИИМдин Медициналык башкармалыгында хирургиялык бөлмө ачылды – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгында хирургиялык бөлмө ачылды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Медициналык башкармалыктын хирургиялык бөлмөсү оңдоп-түзөөдөн өттү. Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык, операция бөлмөсү, операцияга чейинки, стерилдөө жана операциядан кийинки бөлмөлөрдөн турган хирургиялык бөлмөсү пайдаланууга берилди.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлерине эки операция ийгиликтүү жасалды.

Министрликтен кошумчалашкандай, көбүнчө милиция кызматкерлери кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алып калышат. Медициналык башкармалыкта хирургиялык бөлүм болбогондуктан, буга чейин алар Саламаттык сактоо министрлигинин дарылоо мекемелерине же жеке медициналык клиникаларга кайрылып келишкен.

Пикир

Оставить комментарий