• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Елена Калашникова үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 30.07.23. /Кабар/. Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Елена Калашникова үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

"Айыпталуучу К.Э.А жана В А.И. карата мурда тандалган баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, алар тергөө аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2023-жылдын 22-августуна чейин үй камагына чыгарылды. Белгилей кетсек, буга чейин айыпталуучуларга карата камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Айыпталуучу К.Э.А. 12 млн сом, ал эми В.А.И. 1,5 млн сом өлчөмүндөгү материалдык зыяндын ордун толтурду. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган”, - деп белгилешти соттон.

Эскерте кетсек, Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Елена Калашникова жана анын орун басары В.А.И. коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий