Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Бүгүнкү күндө боордош Кыргызстан туруктуу жана динамикалуу өнүгүү жолунда алдыга жылуу менен саясий, экономикалык, социалдык жана башка тармактарда чоң ийгиликтерге жетишти. Сиздин өлкөнүн жетишкен ийгиликтери бизди абдан кубандырат.
Сиз эки тараптуу мамлекеттер аралык мамилелерди жана өз ара ишенимге жана колдоого негизделген стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чоң салым коштуңуз, бул биздин элдердин эркин чагылдырат жана биз аны жогору баалайбыз. Акыркы жылдары эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн көптөгөн өз ара сапарлар, жолугушуулар, пикир алмашуу мамилелердин жана кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат.
Азербайжанга быйыл жасаган үч сапарыңызды, айрыкча ушул жылдын апрель айында мамлекеттик сапарыңызды өзгөчө белгилегим келет. Оккупациядан бошотулган аймактарды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча колдооңуз жана Агдам районунда орто мектеп куруу демилгеси үчүн дагы бир жолу ыраазычылык айтам. Мен муну бир туугандыктын дагы бир ачык мисалы катары баалайм.
Жалпы тарых жана бай адеп-ахлактык баалуулуктар менен бекемделген биздин тыгыз мамилебиз жана стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да элдерибиздин эркине ылайык биргелешкен аракеттер менен өнүгүп жана бекемделе берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий