• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Иманкулов БА өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коом 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, 16-майда Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн - Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биринчи жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы өлкөлөрдүн суу-энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук коопсуздук жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыгынын абалы жана келечеги боюнча маселелер талкууланды.

Марат Иманкулов өз сөзүндө калкты жана экономика тармактарын суу менен камсыз кылуу, ошондой эле таза суунун сапаты, сугат суунун керектүү көлөмдө берилишинин ыкчамдыгы азыркы учурда Борбор Азия мамлекеттеринин турмушунда абдан маанилүү роль ойногондуктан, аларга көңүл бурулбай калуу экономикада да, социалдык маселелерди чечүүдө да чоң чыгымдарга алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Суу тартыштыгынын фонунда энергетикадагы, азык-түлүк жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоодогу кырдаал татаалдашууда. Өз кезегинде экономикадагы, энергетикадагы, социалдык турмуштагы терс тенденциялар башкарылгыс миграциянын жаңы толкундары үчүн шарттарды түзөт, бул жалпы алып караганда коопсуздук чөйрөсүндө кризистик кырдаалдарды пайда кылат.

Климаттык себептердин натыйжасында Кыргыз Республикасы суу ресурстарынын калыптанышынын башатында турганына карабастан, өзү кыйынчылыктарды баштан кечире баштады. Өлкө үчүн белгилүү бир зыян тартуусуна карабай, Кыргызстан коңшуларын суу менен камсыз кылуу боюнча бардык эл аралык келишимдерди жүз пайыз сөзү жок аткарып келет.

Транспорттук коопсуздукту камсыз кылуу маселесин алып караганда, Марат Иманкулов белгилегендей, Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы туруктуу транспорттук өз ара байланыш эки тараптуу кызматташтыктын алкагында да, интеграциялык бирикмелер – ЕАЭБ жана ШКУ форматында болгон келишимдердин жана милдеттенмелердин негизинде да өз ара пайдалуу, басмырлоосуз негизде камсыздалышы керек.

Биринчи жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протокол макулдашылып, анда тараптар аймактын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүү контекстинде суу-энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугу, ошондой эле транспорттук коопсуздук көйгөйлөрүн кароо боюнча мамилелердин жалпылыгын белгилешти.

Делегация башчыларынын бул жолугушуусунун алдында аларды Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алды.

Сапардын алкагында Марат Иманкулов 19-апрелде Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчылары тарабынан ачылган Айкөл Манастын эстелигине гүл койду.

Пикир

Оставить комментарий