• 87.45
  • 89.73
  • 0.86

Ипотекалык үйлөр заманбап технология менен жылытылат

Коом 0

Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр заманбап технология менен жылытылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы МИК тарабынан курулган Бишкек шаарындагы Маликов көчөсүндөгү турак үйдүн жашоочусу Нарина Тезекбаева телеканалдардын бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан ипотекалык негизде берилген үйлөрдө бардык шарттар каралган.

"Мен бул үйдүн ачкычын 25-декабрда алгам. Азыр көчүп кирип жашап жатабыз. Чынында шарттары мынчалык жакшы болот деп ойлогон эмесмин. Биз турган үйдүн өзүнчө жылуулук системасы бар экен. Негизи эле бардык коммуналдык шарттары жогорку деңгээлде каралган. Чын-чынына келгенде эч бир жерден кемчилик таба албайсың",-деген ал.

Маликов көчөсүндөгү "Мурас" турак жай комплексинин өзүнүн жылытуу казаны бар. Ал жерде 4 даана Түркияда чыгарылган экологияга зыяны жок газ менен иштөөчү от казан орнотулган. Бир казандын кубаттуулугу 12 МВт. Аталган турак жайга жалпы 47 - 47,5 МВт жылуулук керек. Ал эми орнотулган от казандардын жалпы кубаттуулугу 48 МВтты түзөт. Кийинчерээк кубаттуулугу 24 МВт болгон дагы 2 резервдик от казан орнотуусу пландалууда.

Ошондой эле авариялык кырдаалдарды эске алуу менен газ жок учурда дизель менен иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Белгилей кетсек, ушундай эле жылытуу системасын Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бериле турган башка турак үйлөргө да орнотулуусу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий