Исаев Германды БУУнун БАдагы өкүлү катары ишинин аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Наталья Германды Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Борбордук Азиядагы атайын өкүлү катары ишинин аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Регионалдык борборунун (UNRCCA) ортосундагы коопсуздук, превентивдүү дипломатия жана Борбордук Азиядагы чыр-чатактарды алдын алуу жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Кыргызстан БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн жетишилген деңгээлин оң баалай турганын жана БУУ менен программалык жана долбоордук кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда А.Исаев Н.Германды БУУнун Терроризмге каршы комитетинин Аткаруучу директоратынын аткаруучу директору болуп дайындалышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий