• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

“Ишкер 24” мобилдик тиркемеси жаңы функциялар менен толукталды

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. “Ишкер 24” мобилдик тиркемеси жаңы функциялар менен толукталды. Бул тууралуу “Элдик Банктан” билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, декабрь айынан баштап тиркемеге кошумча функциялар камтылды. Алар: дүңүнөн сатуу, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы менен иштөөнү жөнөкөйлөтүү аркылуу товарларды сатып алуу, товарларды эсепке алууну жөнөкөйлөтүү аркылуу кабыл алуу, ошондой эле “Менин кампаларым” функциясы кошулду. Ошондой эле автоунаа каражаттарынын отчет иштеринде мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди.

“Ишкер24” тиркемесиндеги жаңы кошумчалар:

1. Дүңүнөн сатуу. Тиркемеде колдонуучуларга товарларга менчик укугун өткөрүп берүү боюнча операцияларды тариздөө мүмкүнчүлүгү бар. Эми мындан ары ишкер ар бир бүтүмдүн ачык-айкындуулугун жана эсепке алынуусун камсыздоо менен башка ишкерлерге продукцияларды акы төлөө же акысыз берүү үчүн документтерди тез түзө алат.
2. Сатып алуу. Бул жаңы бөлүк кабыл алынган электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазы (ТТКК) менен оңой иштөөгө мүмкүндүк берет. Колдонуучулар: документтерди кабыл алуу, четке кагуу же карап чыгуу, кабыл алынбаган учурда 10 күндөн кийин ТТКК автоматтык түрдө кабыл алуу функциясын колдоно алышат, бул келип түшкөн каражаттарды иштеп чыгууну жеңилдетет.
3. Каражаттардын келип түшүүсү. Кабыл алынган товарларды эсепке алуу дагы жеңилдеди. Бул бөлүктө колдонуучулар кампадагы товарларды натыйжалуу тескөө үчүн кириш документтерин түзүп, көрө алышат.
4. "Менин кампаларым". Бул функция кампа эсептерин түзүүгө жана оңдоого, пайдаланылбаган кампаларды иштетүүдөн чыгарууга, товарларды сактоочу жайларды күтүүгө, логистикалык процесстерди толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
5. Унаа каражаттары. "Унаа каражаттары" бөлүгүндө жаңы келген унааны кошуу, колдонуудагы автопарк жөнүндө маалыматты жаңыртуу, компаниянын автоунааларын бир жерде туруп башкарууга болот.

Маалымат үчүн: “Ишкер24” мобилдик тиркемеси президенттин демилгеси менен өлкөнүн салык реформасына байланыштуу чакан жана орто бизнести колдоо максатында Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте “Элдик Банк” жана MEGA`нын кызматташуусунда ишке ашырылып жатат.

Пикир

Оставить комментарий