Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык Камила Абдыл-Хамитова фехтования боюнча коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Хамитова жекелик эсепте беттешти.
Белгилей кетсек, бүгүн, 17-августта фехтования боюнча тайпалык беттештер өтөт.
Эскерте кетсек, 9-19-август аралыгында Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтүүдө.
Пикир
Оставить комментарий