Бишкек, 13.01.25. /Кабар/. “Карылар үчүн ресурстук борбор” коомдук бирикмеси борбор калаанын студенттик клиникасы менен биргеликте улгайган адамдарды акысыз медициналык текшерүүдөн өтүүгө чакырат.
Уюмдан билдиришкендей, медициналык кароонун алкагында терапевт, кардиолог, окулист, ЛОР дарыгери, невропатолог жана гинекологдордон бекер консультация берилет.
Ошондой эле ЭКГ, ички органдардын УЗИ жана флюорография сыяктуу маанилүү инструменталдык текшерүүлөрдөн, ошондой эле негизги лабораториялык изилдөөлөрдөн (кандын жана зааранын жалпы анализдери) өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Белгилей кетсек, кароодон өтүү үчүн +996 (770) 891-806 (дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин) телефон аркылуу алдын ала жазылуу керек.
Эске салсак, медициналык кароодон өтүү ооруларды өз убагында аныктоо жана аларды дарылоо боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.
Пикир
Оставить комментарий