Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Күн мурун Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы Тариель Абитов "Кесиби боюнча мыкты" сынагынын жыйынтыгы боюнча мыкты кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Иш-чарага Күзөт кызматынын Кадрлар жана кесиптик даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Рахат Карпекова, Ленин районунун күзөт бөлүмүнүн башчысы Алмаз Момбеков жана өздүк курам катышты.
Иш-чара ИИМдин жоболоруна ылайык, кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүк деңгээлин жогорулатуу, тартипти бекемдөө жана мыйзамдуулукту сактоо максатында өткөрүлдү.
Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер сыйлык лента жана ардак грамота менен сыйланышты.
Пикир
Оставить комментарий