• 87
  • 89.63
  • 0.85

"Кадастр" ишканасынын Кара-Суу райондук филиалынын директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин Кара-Суудагы бөлүмүнүн директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинде мамлекеттик актыларды мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Суу филиалынын директору Ж.Р.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Аталган Ж.Р.Б. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызыкдар адамдар менен тил табышып, Ачы массивинин башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана жеке турак-жай куруу үчүн "Жер тилкелерине жеке менчик укугу жөнүндө" мамлекеттик актыларды мыйзамсыз бергендиги аныкталган. Негизинен аталган жерлердин категориясы алгач социалдык объекттерди жана айыл чарба багытындагы жерлерди курууга арналган.

Аны менен катар козголгон кылмыш иштеринин алкагында министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Суу филиалынын 11 кызматкери ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий