Бишкек, 15.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Кыргызстанда кадрдык иш жүргүзүү санариптик форматка өтүүдө. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
Министрдин маалыматы боюнча өлкө президентинин жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында санариптик кадрдык иш жүргүзүүгө өтүү башталып, бул кадам башкарууну модернизациялоого жана өлкөнүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарында документ жүгүртүүнү жакшыртууга багытталууда.
Белгиленгендей, жумушка алуу, жумуштан бошотуу, өргүү жана башка кадрдык документтер санариптик түрдө түзүлөт. Ал эми 60 жыл сакталгандан кийин гана мындай документтер мамлекеттик архивге өткөрүлүп берилет.
Санариптик иш кагаздарын жүргүзүүгө өтүүнүн артыкчылыктары катары ылдамдык, ресурстарды үнөмдөө, ачыктык жана натыйжалуулук белгиленген. Бул бюджеттин жүгүн азайтууга жардам берип, процесстин бардык катышуучулары үчүн документтер менен иштөөнү жеңилдетээри кошумчаланган.
Кадрдык иш кагаздарын санариптештирүү - бул мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүдөгү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам.
Пикир
Оставить комментарий