«Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 20.10.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-сентябрында кабыл алынган.

Мыйзамда 2-берененин 6-бөлүгү жаңы редакцияда берилген. Ага ылайык, “иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүнүн активдүү чаралары – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жумушсуз жана жумуш издеген калктын арасында ишке ашырылуучу Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо чаралары;”.

Жогорудагы өзгөртүүлөр эмгекке жарамдуу жарандар, жумуш издөөчүлөр иш менен камсыз кылуу кызматтарында катталгандар да жана катталбагандар да болушу мүмкүн, ал эми расмий жумушсуздар - калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр болгон эмгекке жарамдуу курактагы жарандар болгондугу менен шартталган.

Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалган: “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү тастыктаган жеке камсыздандыруу эсебинен көчүрмө берүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылуунун алдында акыркы 3 жылдын ичинде 12 айдан кем эмес үзгүлтүксүз камсыздандыруу стажы бар, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган жаранга жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөнөт.” Мына ошентип, камсыздандыруу стажы жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөгөнгө негиз болуп саналат.

Мыйзамдын 10-беренеси 5-бөлүк менен толукталган. Ага ылайык, белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган аялдар кош бойлуу мезгилинде республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алууга укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү милдети тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий