Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Камчыбек Асанбеков (Камчы Көлбаев) УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМКдан белгилешкендей, ал Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ачылган иштин алкагында 48 саатка камакка алынды.
Белгилей кетсек, бүгүн, 22-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кримтөбөл Камчыбек Асанбеков (Камчы Көлбаев) кармалгандыгы маалымдалган.
Пикир
Оставить комментарий