• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кант шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.24. /Кабар/. Бүгүн Кант шаарында Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун (ҮДТ) жаңы имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Имараттын ачылыш аземи саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TIKA) президенти Серкандын Каялар, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиевдин катышуусунда өттү.

ҮДТнын курулушу TIKA тарабынан 115 миң долларга каржыланды. Ошондой эле анын айланасын тосуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнүп, тез жардам унаасы да сатылып алынды.

Кант шаары Бишкек — Токмок жолунун 20-70-чакырымында жайгашкан, анда жалпысынан 100 миңге жакын адам жашайт. ҮДТнын имараты жол боюнда жайгашкан жана бүтүндөй Ысык-Ата районунун тургундарына медициналык кызмат көрсөтө алат.

Жалпы аянты 250 м2 болгон эки кабаттуу имаратта 9 дарыгерлер бөлмөсү, 2 медайымдык жана 1 карантин бөлмөсү, ашкана жана кампа бар.

Пикир

Оставить комментарий