Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, ыкчам штабдын мүчөлөрү соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, базарларда санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын текшерди.
Аны менен бирге, штаб мүчөлөрү COVID-19 илдетин алдын алуу максатында калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Пикир
Оставить комментарий