Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кара-Кокор айылынын турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, тилсиз жоо күн мурун, 19-майда катталган.
Өрттү өчүрүүгө саат 13:19да эки бөлүм тартылып, саат 14:46да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 130 чарчы метр чатыры күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий