• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кара-Кулжа РЭТинин жаңы имараты пайдаланууга берилди

Аймак 0


Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Бүгүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын Ош электр тармактары филиалынын Кара-Кулжа РЭТинин административдик имараты пайдаланууга берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, салтанаттуу ачылыш аземге облус башчысы Элчибек Жантаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, район башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Кара-Кулжа РЭТинин жаңы заманбап имараты эки кабаттуу болуп салынып, ичинде бардык талапка жооп берген шарттар түзүлгөн. Административдик имарат жалпы 50 млн сомго 8 айдын ичинде толук курулуп бүткөн.

Эми мекемеде мыкты шарттардын түзүлүшү менен райондогу керектөөчүлөрдү тейлөө сапаты да жогорулайт.

Белгилей кетсек, Кара-Кулжа РЭТинин административдик кеңсеси 1965-жылы ашар жолу менен курулуп, авариялык абалда болуп, мындан улам жаңы имаратка муктаждык күч болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий