• 87
  • 91.26
  • 0.84

Кара-Сууда 120 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Кара-Суу районунун Нариман айылына курулуп жаткан бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакчаны куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы башталган, тендердик баасы 70,7 млн сомду түзгөн.

Долбоор боюнча имарат 120 орунга ылайыкталган жана эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинет бар.

Объекттин жалпы аянты 1076 чарчы метрди түзөт. Учурда бала бакчанын курулуш-монтаждоо иштери 95% пайызга бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий