• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Каракол шаарында ПЧР лаборатория ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Каракол шаарында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элмира Усенованын катышусун менен ПЧР (ПЦР) лаборатория ачылды.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, 30 бөлмөлүү 280 чарчы метрди түзгөн бул лаборатория калкка кызмат көрсөтүп баштады.

Белгилегендей, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен курулган. Ал эми Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 1 млн 200 миң сомго саркынды суулар системасын жасаган.

Пикир

Оставить комментарий