• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жапаров: Байсалов – демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник, Бейшеналиев – сөзгө чоркок министр

Президент 0

Бишкек, 25.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу оюн билдирди.

“Эдил Байсаловдун өз көз карашы бар. Көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, ага көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз. Жакса, кабыл алабыз. Жакпаса, четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев болсо – сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду”, - дейт президент.

Пикир

Оставить комментарий