Каракол шаарында жаңы драма театр курулат

Аймак 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Каракол шаарындагы К.Жантөшев атындагы драма театрында “Эл ырчысы Эстебес” тобу “Бакыт издеп сапар тарттым ашып кыр, көрсө бакыт өз айылымда жатыптыр” аттуу кайрымдуулук спектакль-концертин тартуулады.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарада президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов маданиятка өзгөчө көңүл буруу керектигин белгилеп, Каракол шаарында жаңы маданият үйү куруларын кошумчалады.

“Өнөрлүү эл өр тартат” демекчи көөнөрбөс руханий дөөлөттү мурастап келген “Эл ырчысы Эстебес” тобуна ыраазычылык билдирем. Азыр биз отурган драма театр 1980-жылы курулуптур. Маданият өкүлдөрү жана элибиз заманбап маданият үйүндө жан дүйнөсүн байытууга татыктуу жана укуктуу. Ошондуктан “Кумтөр” компаниясынын жардамы менен Ысык-Көл облусуна заманбап, учурдун талабына жооп берген жаңы драма театр курабыз деп сөз берем”, - деди Сулайманов.

Иш-чара “Кумтөр” компаниясынын демөөрчүлүгү менен өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий