• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге берүүгө 271,7 млн сом багытталат

Өкмөт 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкына топтолгон 271,7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ачык акционердик коомуна өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Кабыл алынган чечимдин алкагында Финансы министрлигине «Айыл банк» ачык акционердик коому менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган.

«Айыл банк» ачык акционердик коомуна алынган финансы каражаттарын айыл чарба субъекттерине жана кайра иштетүүчү ишканаларга айыл чарба, сугат техникаларын, машиналарды жана жабдууларды лизингге алууга 7 жылга чейинки мөөнөткө, улуттук валютада жылына 6 пайыз менен берүү үчүн багыттоосу сунушталды.

Белгилесек, өткөн жылдын соңунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна айыл чарба, кайра иштетүүчү техникаларды, жаадыргыч машиналарды жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге берүүгө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий