Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө бир күжүрмөн эсеп тартылган.
Кардиология бөлүмүндө жаткан 60 бейтап жана 4 медицина кызматкерлери эвакуацияланган. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Тилсиз жоо эртең мененки саат 07:40да толугу менен өчүрүлгон, өрттөн оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Пикир
Оставить комментарий