• 87
  • 89.63
  • 0.85

Караколдогу эл аралык аэропорт ачылды – сүрөт баян

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. / Кабар/. Каракол шаарындагы эл аралык аэропорт салтанаттуу түрдө ачылды.

Аба майдандын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров, облус жетекчиси Уланбек Далиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чарада Садыр Жапаров союз тарагандан кийин аэропорттор иштебей калып, ички каттамдар токтогонун белгиледи.

"Каракол" эл аралык аэропорту бир саатта 250 жүргүнчүнү тейлей алат. Шаарга жаратылышыбызга суктанган туристтер көп келет. Эми биз эшигибизди кенен ачып, аларды тосуп алууга даярбыз", - деди өлкө башчысы.

Аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.

"Каракол" эл аралык аэропорту 1971-жылы түптөлүп, учуу тилкеси 1978-жылы пайдаланууга берилген. Анда Як-40, Л-410, Ан-2, Ан-26, Ан-28 сыяктуу учактарды жана бардык типтеги вертолетторду кабыл алчу.

Аэропорт 2018-жылы Дубай-Ташкент-Бишкек-Каракол каттамы боюнча акыркы чартердик рейси кабыл алган. Андан кийин аэропорт ишин токтоткон.

Өкмөттүн 2011-жылдын 25-ноябрындагы токтому менен “Каракол” аэропортуна эл аралык макам ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий