Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Казак полициясы Кордойдогу тополоңго түрткү берген мушташка байланыштуу деген жүйө менен дунган улутундагы үч бир тууганды кармады. Воингуй аттуу үй-бүлөнүн өкүлдөрүнө «полицияга кол салган» деген айып коюлуп жатканын Башкы прокуратура 18-февралда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 7-февраль күнү Кордойдун Сортөбө айылында полиция үч бир туугандын бири айдап бараткан машинени токтоткон. Бирок айдоочу автоунаанын документтерин жана күбөлүгүн көрсөтө алган эмес. Ошондой эле полиция бекетине баруудан баш тартып, жакын жердеги эки бир тууганынын үйүнө кире качкан.
Андан соң бир туугандар үйдөн чыгып, полиция кызматкерлерине кол салышкан. Бийликтин мындай версиясы боюнча Воингую үй-бүлөсүнүн жана жергиликтүү дунган коомчулугунун пикири азырынча белгисиз.
Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үч адам полиция кызматкерлери менен мушташып жатканын көрүүгө болот. Казак бийлиги дал ушул мушташ Кордойдогу дунгандар менен казактардын чатагына жеткиргенин билдирген. Бул окуяда 11 адам каза таап, 30дан ашуун үй, 17 соода жайы жана 47 автоунаа күйүп кеткен же талкаланган. Бир нече миң дунган улутундагылар Кыргызстанга качууга аргасыз болгон.
Пикир
Оставить комментарий