• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өзбекстанда калктын саны 34 млн кишиден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Өзбекстанда калктын саны 34 млн кишиден ашты. Бул тууралуу Өзбекстандын телеграф агенттиги жазат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-январына карата Өзбекстанда (туруктуу) калктын саны 33,9 млн кишини түзгөн.

Өзбекстандын Статистика боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, 18-февралга карата Өзбекстанда (туруктуу) калктын саны 34 млн 2 миң 410 кишини түзгөн. Анын ичинен эркектер – 17 млн 93 миң 247 жана аялдар – 16 млн 909 миң 632.

Пикир

Оставить комментарий